КҮЙӨӨ ЖОЛДОШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:22, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЙӨӨ ЖОЛДОШ – үйлөнүү тоюна күйөө балага жолдош болуп барган жигит. Ал элдик салтка байланыштуу ар кандай оюн-тамашаларды уюштурат, жигит тараптын намысын коргойт. Күйөө жолдошко шайыр, чукугандай сөз тапкан, салтты жакшы билген жигиттер тандалат.