КУТТУБАЕВ Аманкул

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУТТУБАЕВ Аманкул (20. 5. 1907, азыркы Чүй обл., Сокулук р-ну, Белек айылы – 18. 6. 1984, Фрунзе) – режиссёр, актёр, Кыргыз ССР эл арт. (1946), Кыргыз ССР Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1970). Москвадагы Луначарский атн. театр

ин-тунун режиссёрдук ф-тинде окуган (1935–41). Чыглык жолун 1926-ж. Бишкек ш-нда ачылган муз. драма студиясынан баштаган. Алымкулдун (1927, Н. Еленин, «Козголоң» «Кожо Насирдин»), Карабайдын (1929, Фурманов, Поливанов) ж. б. ролдорду аткарган. 1930-ж. К. Жантөшевдин «Алым менен Мария» драмасын коюп, кыргыз театр өнөрүнүн тарыхында туңгуч режиссёр катары таанылган. К. 1930-ж. ачылган Кыргыз мамл. драма театрынын режиссёру, 1931-жылдан башкы режиссёру болуп иштеген. Т. Байжиевдин «Кырманда» (1931), Р. Шүкүрбековдун «Бейит арасын­да» (1934), өзүнүн «Колхоз душмандары» (1938), «Жаңыл» (К. Маликов менен бирге) драмаларын койгон. К-дин режиссёрдук дараметин тааныткан Ж. Турусбековдун «Ажал ордуна» (1934) муз. драмасы болгон. 1939-жылдан Кыргыз мамл. опера жана балет театрында көркөм жетекчи, башкы режиссёр, 1952–63-ж. анын директору жана режиссёру болгон. «Майсарынын жорукта­ры» (С. Юдаков), «Кармен» (Ж. Бизе), «Пат­риоттор», «Манас» (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере), «Көкүл» (М. Раухвергер), «Айдар жана Айша» (А. Аманбаев, С. Германов), «Токтогул» (А. Веприк) операларын, «Ким кантти» (М. Абд­раев, А. Аманбаев, А. Малдыбаев, А. Түлөев)

Шермат – А. Куттубаев, Дүрия – Д. Күйүкова. Т. Абдумомунов. «Жыгылган оогонго күлөт» спектаклинен көрүнүш. 1969.

муз. комедиясын, «Биз баягы эмеспиз» (К. Маликов, А. Куттубаев) драмасын койгон. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.


Ад.: Күмүшалиев К. А. Куттубаев. Ф., 1958.