КУРОРТТОР
КУРОРТТОР (нем. kurort - дарылоочу жер) - адамдын организмине жагымдуу таасир этүүчү табигый дарылоо факторлору (минералдуу суу, дары баткак, климат ѳзгѳчѳлүктѳрү) бар жерлер. Дарылоо факторлоруна карата бальнеол., климаттык жана дары баткактуу болуп бѳлүнѳт. Бальнеол. К-до негизги дарылоо факторлору - минералдуу суу. Минералдуу суу ваннага, бассейнге түшүү жана ичүү, ингаляция ж. б. процедуралар үчүн пайдаланылат. Андай К-го Кислоодск, Боржоми, Железноводск, Трускавец,

Жалал-Абад курорту

Жети-Өгүз курорту

Кырг-нда Жалал-Абад, Жети-Ѳгүз, Ысык-Ата ж. б. кирет. Баткактуу К-до негизинен дарылоо фактору болуп дарылык касиети бар баткак колдонулат. Баткакты негизинен денеге жаап же ванна түрүндѳ пайдаланат. Кѳгүлтүр Ысык-Кѳл, Жыргалаң, Жалал-Абад ж. б. К-до башка факторлор менен катар баткак менен да дарылайт. Климаттык К. деңиз климаттуу, тоо климаттуу, о. эле токой, талаа, токойлуу талаа ж. б. климаттуу болуп айырмаланат. Климаттык К-до негизинен аба жана күн ванналары, о. эле сууга түшүү колдонулат. Анда климат менен да-

рылоочу ж-a ден соолукту чыңдоо процедураларын жүргузуу учун атайын курулуштар (павильондор, верандалар, галереялар, аэрарий, солярий), күн нурун ѳлчѳм менен пайдалануу учүн дарылоо пляждары, сейилдѳѳ учун маршруттар белгиленет. Жаратылыштын бир гана дарылык факторун колдонгон К. аз. Кѳпчүлүгу анын бир
нече дарылык факторлорун колдонот. Мис., бальнеол.-баткактуу К-до минералдуу суу, дарылык касиети бар баткак, бальнеол.-климаттык К-до минералдуу суу же климат менен дарылайт. Бул негизги курорттук дарылоодон тышкары дарылоо комплексине физиотерапия, дарылоочу дене тарбиясы, диета (мүнѳз тамак), кээде дары-дармек кошулат.