КУРЖУН СӨКТҮРҮҮ
КУРЖУН СӨКТҮРҮҮ – үйлөнүү үлпөт тоюнда аткарылуучу жөрөлгө. Калың төлөнүп, кызды алууга келишкенде, күйөө тарап атайы куржун даярдап келишкен. Куржунга кешик (бышырылган койдун эти, боорсок, белек-бечкектер) салынган. Кыз тараптан нускалуу, кадыр-барктуу байбичелердин бири К. с. жөрөлгөсүн жасаган. Куржун сөккөн аял куржундун оозуна салынган жоолукту жана тамак-аштын чүйгүнүн өзү алып, үй ээсине тиешелүү белегин берип, жаш үй-бүлөгө бакыт, ынтымак каалаган. К. с. үйлөнүү үлпөтүндөгү өз ара белек алмашууга кирип, жакшылыкта жолугуунун белгиси болуп саналат.