КУРАМА САН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРАМА САН – өзүнөн жана бирден башка да бөлүүчүсү бар натуралдык сан. Алар бирге, өзүнөн жана башка санга да бөлүнөт, мис., 8, 39, 621 ж. б. Жөнөкөй сандар сыяктуу К. с-дар да чексиз. Арифметиканын негизги теоремасы б-ча каалаган К. с-ды анын жөнөкөй көбөйтүүчүлөрүнүн көбөйтүндүсү түрүндө бир гана жол менен туюнтууга болот (көбөйтүүчүлөрүнүн тартиби эске алынбайт).