КУРАМА САН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:25, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРАМА САН – өзүнөн жана бирден башка да бөлүүчүсү бар натуралдык сан. Алар бирге, өзүнөн жана башка санга да бөлүнөт, мис., 8, 39, 621 ж. б. Жөнөкөй сандар сыяктуу курама сандар да чексиз. Арифметиканын негизги теоремасы боюнча каалаган курама санды анын жөнөкөй көбөйтүүчүлөрүнүн көбөйтүндүсү түрүндө бир гана жол менен туюнтууга болот (көбөйтүүчүлөрүнүн тартиби эске алынбайт).