КУРАК
КУРАК э т н о г р а ф и я д а – ар түрдүү түстөгү кездеме өөндөрүнөн кураштырылган буюм. К-тын бөлүктөрү кездеме (тукаба, баркыт ж. б.), кийиз жана тери кесиндилеринен жыйналып, үч бурчтук, чарчы, ромб, тилке түрүндө бычылып, ар кандай айкалышта (алгач ийне менен кездемени кыюу аркылуу) кураштырылып, балыш, жер төшөк, бешик жабуу, туш кийиз, текче, күзгү

к п, аяк к ап, туштук, телевизор жапкыч, отургуч жапкыч, ал эми териден көлдөлөң сыяктуу үй буюмдары жасалат. Үч бурчтук түрү т у м а р же т у р н а, ал эми үч бурчтуктардын биринин учуна экинчисинин аягы жалгашып кеткен тизмеги т у р н а к а т а р деп аталган. К. түрлөрүнүн бото көз, бөрү көз, мүйүз, каттама, айырма, кунаба дегендери да бар. К-тын жердиги илата делет да, ак сүрп менен кара иластан болот. О. эле буюмдун «колтугу», «маңгызы» жана «көзү» салынат. Булар элдик К-чылык көчөттөрү болуп саналат. К-ка ар кандай элести берген көчөттөр түшөт, «oмуртка», «ийрек», «жылдызча» көчөттөрү К. куроодо көбүрөөк пайдаланылат. Түш. Кырг-ндын Лейлек, Баткен, Кадамжай, Жаңы- Жол, Алай, Ноокат, Токтогул, Талас өрөөнүнүн Киров, Покровка жана Ысык-Көл, Нарын аймактарында К-чылык өнөрүн бөтөнчө баалашат. Бул өнөр О. Азиядагы түрк элдеринде, о. эле тажиктерде да бар. Учурда К. элдик жасалгаколдонмо өнөр буюмуна айланып, чебер кызкелиндер салттуу үй буюмдарын жаңыча жасоодо К-ты кеңири колдонууда.