КУРАК
КУРАК э т н о г р а ф и я д а – ар түрдүү түстөгү кездеме өөндөрүнөн кураштырылган буюм. Курактын бөлүктөрү кездеме (тукаба, баркыт жана башкалар), кийиз жана тери кесиндилеринен жыйналып, үч бурчтук, чарчы, ромб, тилке түрүндө бычылып, ар кандай айкалышта (алгач ийне менен кездемени кыюу аркылуу) кураштырылып, балыш, жер төшөк, бешик жабуу, туш кийиз, текче, күзгү

кап, аяк кап, туштук, телевизор жапкыч, отургуч жапкыч, ал эми териден көлдөлөң сыяктуу үй буюмдары жасалат. Үч бурчтук түрү т у м а р же т у р н а, ал эми үч бурчтуктардын биринин учуна экинчисинин аягы жалгашып кеткен тизмеги т у р н а к а т а р деп аталган. Курак түрлөрүнүн бото көз, бөрү көз, мүйүз, каттама, айырма, кунаба дегендери да бар. Курактын жердиги илата делет да, ак сүрп менен кара иластан болот. Ошондой эле буюмдун «колтугу», «маңгызы» жана «көзү» салынат. Булар элдик куракчылык көчөттөрү болуп саналат. Куракка ар кандай элести берген көчөттөр түшөт, «oмуртка», «ийрек», «жылдызча» көчөттөрү курак куроодо көбүрөөк пайдаланылат. Түштүк Кыргызстандын Лейлек, Баткен, Кадамжай, Жаңы-Жол, Алай, Ноокат, Токтогул, Талас өрөөнүнүн Киров, Покровка жана Ысык-Көл, Нарын аймактарында куракчылык өнөрүн бөтөнчө баалашат. Бул өнөр Орто Азиядагы түрк элдеринде, ошондой эле тажиктерде да бар. Учурда курак элдик жасалгаколдонмо өнөр буюмуна айланып, чебер кыз-келиндер салттуу үй буюмдарын жаңыча жасоодо куракты кеңири колдонууда.