КУР
КУР –бел байлоочу курчоолордун жалпы аты. К. булгаары, кайыш, кездеме жана сызмадан жасалат. Анын бир нече түрү бар. Таптык коомдо К-ду социалдык абалына, курагына жараша курчанышкан. Дөөлөттүү, мансаптуу адамдар к е м е р К-ду пайдаланышкан. Ал булгаарыдан жасалып, жазы тилинген бетине түрдүү темир чабылган. Тогоосу жазы келип, ичинен темир илгич менен курчалган. Түшүрүлгөн шөкөттөрдү сынпоздоо үчүн жамбы күмүш жалатылып, оймо-чийме менен кооздолгон. К е з д е м е К. жибек, шайы, чыт, сатин сыяктуу кездемеден 1,5–2 м узундукта жасалган. Мындай К-ду көбүнчө карылар курчанган. Төөнүн же койдун уяң жүнүнөн жана эчки тыбытынан согулган с о к м о К-дун ар кыл түстүүсүн жана жол-жолу барын балдар, аппагын же көгүн (жашылын) чоң кишилер, карасын жана бозун карыялар, ал эми ж о о л у к К-ду балдар жана жигиттер, кайыш, сызма, жип К-ду букаралар курчанган.