КУНДУЗ ТИКЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:10, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУНДУЗ ТИКЕН (Есhinops) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Сабагы 50–150 смге жетет, түз өсөт, бутактуу, жалбырагынын жээги тегиз же тилкелүү, кезектешип жайгашкан, узундугу 10–25 см, туу­расы 3–10 см, жээги тикенектүү. Гүлү катуу кирпикчедей ороочтуу, томолок башчадай топ гүлдү түзөт, сабактары бутактын чокусунда жайгаш­кан. Ар бир гүлү түтүкчөдөй, көгүш кызыл, көк түстө, аталыгы 5, энелиги 1, эки жыныстуу. Мөмөсү үпүчөлүү данча. Жер жүзүндө 130 түрү Евразияда, Жер Ортолук деңиз жээгинде, Түндүк-Чыгыш Африкада таралган. Кыргызстанда 10 түрү жапыз жана бөксө тоодогу боздоңдо, өзөндө жана шалбаада кездешет. Айрымдары чабынды шалбаанын, жайыттардын отоо чөбү катары тоют чөпкө кыйла зыян келтирет.