КУНДУЗ ГҮЛ
КУНДУЗ ГҮЛ (Рulsatilla Adans) – өсүмдүктөрдүн байчечекейлер тукумундагы уруусу. Бийикт. 40 смге жеткен көп жылдык чөп. Жалбырагы тамыр моюнчасына же сабакта шакектеп жайгашкан. Гүлү жалгыздан, ак, мала же кочкул кызыл, 5–6 мүчөлүү. Аталыгы жана энелиги көп. Мөмөсү

–
жалбыракча. Кырг-нда 2 түрү белгилүү, анын бирөө (Костычев К. г-ү) – Алай өрөөнүндө гана өсүүчү эндемик. Ал өтө кооз болгондукт ан, атайын к оргоого алынгаң. К. г-дүн айрым түрү дары катары медицинада пайдаланылат, кооздук үчүн гүлзарда өстүрүлөт. Курамында ранункулин глюкозиди болгондуктан уу.