КУНДУЗ ГҮЛ
КУНДУЗ ГҮЛ (Рulsatilla Adans) – өсүмдүктөрдүн байчечекейлер тукумундагы уруусу. Бийиктиги 40 смге жеткен көп жылдык чөп. Жалбырагы тамыр моюнчасына же сабакта шакектеп жайгашкан. Гүлү жалгыздан, ак, мала же кочкул кызыл, 5–6 мүчөлүү. Аталыгы жана энелиги көп.

Мөмөсүжалбыракча. Кыргызстанда 2 түрү белгилүү, анын бирөө (Костычев кундуз гүлү) – Алай өрөөнүндө гана өсүүчү эндемик. Ал өтө кооз болгондуктан, атайын коргоого алынгаң. Кундуз гүлдүн айрым түрү дары катары медицинада пайдаланылат, кооздук үчүн гүлзарда өстүрүлөт. Курамында ранункулин глюкозиди болгондуктан уу.