КУМ-ТӨР ЭСТЕЛИКТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМ-ТӨР ЭСТЕЛИКТЕРИ Ысык-Көл обл-нун Кум-Төр жергесинен (Кашка-Суу, Үч-Чат, Май-Төр) табылган. Мезолит, неолит доорлоруна тиешелүү. Анын негизги өзгөчөлүгү – бийик аймакта (деңиз деңг. 3400–3600 м бийикте) орун алышы. Нуклеустар, жалпак, кичине жарака таштар табылган. Айрым жалпак жана кичине таштардын бети боёлгон. Эмгек куралдары халцедон, роговик таштарынан жасалган.