КУМ-ТӨР ЭСТЕЛИКТЕРИ
КУМ-ТӨР ЭСТЕЛИКТЕРИ Ысык-Көл облусунун Кум-Төр жергесинен (Кашка-Суу, Үч-Чат, Май-Төр) табылган. Мезолит, неолит доорлоруна тиешелүү. Анын негизги өзгөчөлүгү – бийик аймакта (деңиз деңгээлинен 3400–3600 м бийикте) орун алышы. Нуклеустар, жалпак, кичине жарака таштар табылган. Айрым жалпак жана кичине таштардын бети боёлгон. Эмгек куралдары халцедон, роговик таштарынан жасалган.