КУМЕКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМЕКОВ Болот Эшмухаметович [5. 8. 1940, Казакстан, Жамбыл (азыркы Тараз) ш.] – тарых илимд. доктору (1994), проф. (1996), Казакстан Респ-нын УИАнын корр. мүчөсү (1995), академиги (2003). 1963-ж. ТашПИни бүткөн. 1963–65-ж. Асуан ш-нда котормочу, 1965–74-ж. Казак ССР ИАнын Тарых жана этнология ин-тунда аспирант, ил. кызматкер, 1974–96-ж. бөлүм башчы, 1997-жылдан Казак мамл. юрид. ун-тинде Казакстан тарыхы кафедрасынын башчысы. Араб, фарсы, түрк тилдүү маалыматтар аркылуу О. Азия­нын о. кылымдардагы тарыхы, мад-ты, булак таануу, тарых-география жана картографиясын изилдөөдө олуттуу салым кошкон. 450дөн ашуун ил. эмгектин (а. и. 15 монография) автору.


Эмг.: Государство кимаков IX–XI вв. по арабским источникам, А.-А., 1972; Арабские и персидские источники по истории кипчаков XI–XIII вв., А.-А., 1987; Арабские источники по истории кипчаков, куманов и кимаков VIII–XIII вв., СПб., 1994.