КУЛЧУНОВА-ПИНИГИНА
КУЛЧУНОВА-ПИНИ́ГИНА Мария Жумабаевна (1958-ж. т., Нарын обл., Нарын ш.) – спортчу

(жеңил атлетика), олимпиялык оюндардын чем пиону, СССРдин эмг. сиң. спортчусу. КМДТИни бүтүргөн (1980). СССРдин жаштар арасында биринчилигинде 200 м аралыкты 23 секда чуркап өтүп, рекорд койгон (1976), СССРдин 6-7-спартакиадаларында 400 м аралыкта чуркоодо 1-орунду жеңип алган. «Правда» гезитинин байгесине арналган бүткүл союздук жеңил атлетикалык кросстун Бишкекте өткөрүлгөн 13-финалында 1000 м аралыкты 2 мин 53,1 секда чуркап өтүп, биринчиликке жетишкен. СССРдин, Европанын, дүйнөнүн ири мелдештерине катышып, жакшы ийгиликтерди жараткан. 1988-ж. Сеул шнда өткөн 24-олимпиялык оюндарга катышып, 4x400 м аралыкка эстафеталык чуркоодо биринчи орунду ээлеп, чемпион наамга ээ болгон. Учурда Якутск ш-нда жашайт. Жеңил атлетика б-ча Якутиянын башкы тренери.