КУЛНАЗАРОВ Болот Карамырзаевич
КУЛНАЗАРОВ Болот Карамырзаевич [1960-ж. т., Ош (азыркы Жалал-Абад) обл., Аксы р-ну, Кара-Суу айылы] – биология илимд. Доктору (2004). ОМПИни (1983), Гомель мамл. у-ттинин (Беларуссия) аспирантурасын (1987) бүтүргөн. 1991-ж. ММУда окуп, эколог адистигине ээ болгон. ОшМУда зоология жана жалпы экология кафедрасында доцент, кафедра башчысы (1991–98), Орегон ун-тинде (АКШ, 1996) иштеген. ЛАЙФ программасынын Кырг-ндагы улуттук координатору (1998–2000). 100дөн ашык ил. эмгеги, а. и. 2 монографиясы жарык көргөн.
Эмг.: Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү, аларды коргоо жана сарамжал пайдалануу проблемалары (авторлош). Ош, 1994.