КУЙМАК
КУЙМАК – майга бышырылган нандын бир түрү; К. кыргыздын эски, чүйгүн тамактарынын
бири. Анын камыры суйдаң жуурулуп, ачытылат да, сары майга гана бышырылат. К-тын камырынын жуурулушуна жана жасалышына жараша бир нече түрү бар. Камырына жумуртка кошулуп, сүткө суюк жуурулуп, сары майга куюлса кор К., камыры жумшак жуурулуп, колго созулуп бышырылганы созмо К., камыры катуу жуурулуп, колго чоюлуп, ичкелиги сөөмөйдөй болгондо, бурап-бурап бышырса бурама К., сүт, жумуртка, пияз кошулуп, ун чалынган, ачыбаган суюк камырды сары майга куюп, бышырса чалмакей К. деп аталат.
Ад. Бөрүбаев Т. Кыргыз тамак-ашы. Ф., 1976.