КУЙМАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЙМАК – майга бышырылган нандын бир түрү; Куймак кыргыздын эски, чүйгүн тамактарынын бири. Анын камыры суйдаң жуурулуп, ачытылат да, сары майга гана бышырылат. Куймактын камырынын жуурулушуна жана жасалышына жараша бир нече түрү бар. Камырына жумуртка кошулуп, сүткө суюк жуурулуп, сары майга куюлса кор куймак, камыры жумшак жуурулуп, кол­го созулуп бышырылганы созмо куймак, камыры ка­туу жуурулуп, колго чоюлуп, ичкелиги сөөмөйдөй болгондо, бурап-бурап бышырса бу­рама куймак, сүт, жумуртка, пияз кошулуп, ун чалынган, ачыбаган суюк камырды сары майга куюп, бышырса чалмакей куйма деп аталат.
Ад. Бөрүбаев Т. Кыргыз тамак-ашы. Ф., 1976.