КЕСАРЬ КЕСҮҮ
КЕ́САРЬ КЕСҮҮ (лат. sectto caesarea) – курсактагы баланы ж-а бала тонун алуу үчүн курсакты ж-а жатынды кесип, операция жасоо. Аял табигый жол аркылуу өз алдынча төрөй албаган учурда (жамбаш чарасы кууш, жатын айрыла турган учурда), ошондой эле аялдын катуу оорусунда (мисалы, жүрөк кемтиги, көздүн тор кабыкчасынын сыйрылышы ж. б. ) жасалат. Кан көп кетип, бала ичтен өлүп калган учурда да эненин өмүрүн сактоо үчүн да бул операция жасалат.