КЕҢ-ТӨР МӨҢГҮСҮ (Кыргыз Ала-Тоосунда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:14, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КЕҢ-ТӨР МӨҢГҮСҮ to КЕҢ-ТӨР МӨҢГҮСҮ (Кыргыз Ала-Тоосунда)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги эң ири мөңгү. Норуз суусунун алабынан орун алган. Узундугу 6,5 км, аянты 10,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4600 м, этеги 3300 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4100 м, абляциясынын аянты 6,2 км2. Куралуу облусу 4 циркте жайгашкан. «Тилинин» 2,9 км2дей жери калың морена кат­мары м-н капталган. Мөңгүдөн Норуздун негиз­ги курамы – Кең-Төр суусу башталат.