КЕҢ-БУЛУҢ
КЕҢ-БУЛУҢ , К ы з ы л - Т у у – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Кең-Булуң айыл округуна караштуу. Бишкек–Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 765 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кант шаарынан 45 км чыгыш тарапта. Ивановка темир жол бекетинен 10 км. Кыштак 1921-жылы негизделген. Калкы 3604 (2022); негизинен дыйкан ж-а фермер чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, ФАП бар. Соода ж-а тамактануучу жайлар, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.