КҮЛЧӨТАЙ
КҮЛЧӨТАЙ – кыргыз-казактын улуттук тамагы; камыры жука жайылып, тилкелене кесилип, эттүү сорпого бышырылып, эти менен бирге идишке сүзүлүп тартылуучу тамак. Сорпосу кеселерге куюлуп, өзүнчө берилет. Ошондой эле аймактык өзгөчөлүктөргө жараша айрым жерлерде камырын кичинекей тегерек түрдө калың жайып, эки четин кол менен бириктирип, эттүү сорпого бышырат же күлчөтайды кесме ордуна туурап жиберген учурлар да кездешет.
