КОКЦИДИОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:03, 18 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОКЦИДИО́З , э й м е р и о з – мал ж-а куштун мите (инвазиялуу) ылаңы; кээде киши да ооруйт. Кокцидия митеси козгойт. Кокцидиоз м-н уй, кой, тоок, чочко, куну айбанат ж-а ит, балык, коён ылаңдайт. Кокцидиоз м-н көбүнчө төл жазында, жайында өз алдынча тоюттанууга өтүү маалын­да ылаңдап, өзгөчө бөжөк, жөжө көп чыгашага учурайт. Ылаң кокцидиоздун козгогучу м-н булганган жем, чөп, суу, төшөлгө, топурак, шайман ар­кылуу жугат. Кокцидия боор, бөйрөк, ичеги­нин эпителий клеткаларында мителейт. Ыландын жашы­руун мезгили 3 күндөн 2 жумага чейин. Ылаң­даган малдын шайы кетип, жем, чөп жебейт, ичи көөп, арыктайт, булчуңдары тырышып, шал болот. Алдын алуу чаралары: айлана-чөйрөдө мителерди (ооцисттерди) жок кылуу, ылаңдуу малды бөлүп дарылоо, төлдү бөлүп багуу, жа­йытты улам алмаштырып туруу, ветеринардык-санитариялык эре­желерди туура сактоо. Дарылоодо статиль, де­кокс, койден ж. б. дарылар пайдалуу.