КЫЗЫЛ-СУУ ШААР КАЛДЫГЫ
КЫЗЫЛ-СУУ ШААР КАЛДЫГЫ – VII–XII кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Ысык-Ата районуна караштуу Шалтакбай айылынын чыгыш тарабында, Чүй дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. А. Н. Бернштам бул шаар калдыгын археологиялык табылгалардын жана орто кылымдардагы жазма булактардын негизинде Сарыг шаарына, В. Д. Горячева Невакет шаарына салыштырышат. Бул эки шаар тең орто кылымдардагы араб-фарсы авторлорунун (Ат-Табари, ибн-Хордадбек, ибн-Куда-ма, ибн-Жафар, ал-Хорезминин) эмгектеринде кездешет. Шаар жана шахристан (ички шаар) да сыртынан бекемделген дубалдар менен курчалган.

Жалпы аянты 200 га, шахристандык маданий катмарынын калыңдыгы 4 м. Түштүк-чыгыш тарабында цитадель жайгашкан. Дубалдар түрдүү боёк менен сырдалып, оймо-чийме түшүрүлүп кооздолгон. Шаардын гүлдөгөн мезгили X кылымга тиешелүү. Негизги калкы түрктөр, түргөштөр, карлуктар болгон. Шаар калкы алгач Батыш Түрк, кийин Түргөш, Карлук каганаттары жана Караханид мамлекетинин курамына кирген. Түрдүү формада жасалган карапа идиштер, айнек, темир, колодон жасалган кооздук буюмдар, согду, араб жана несториан жазуулары жана 3000ден ашык Караханид, Тухус жана Арсланид, Кытай, Согду, Түргөш тыйындары табылган. Согдулуктардын өлүк көмүүчү жайы (некрополь) жана 8 м будда кудайынын айкели, ибадатканасы (храм) (VIII–X кылымдар), үй курулуштары (X–XI кылымдар), сарай (X–XI кылымдар) шаар сыртындагы 3 сепил (VIII–X-кылымдар), короо-жайлар изилденген. Түрк урууларына таандык, аты менен кошо көмүлгөн жубайлардын көрүстөнү ачылган. Кыргыздардын уламышында бул шаар алтын төөлүү шаар деп айтылат. Бул эстеликти археологдор А. Н. Бернштам (1939–1940), П. Н. Кожемяко (1953, 1961–1963, 1971–1972), В. Д. Горячева (1978–1988, 1996–2000) жана А. И. Торгоевдер (2007-жылдан) изилдеген.
Ад.: Кожемяко П. Н. Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Ф., 1959; Горячева В. Д. Город Золотого верблюда. Ф., 1988; Красная Речка и Бурана. Ф., 1989.