КЫЗЫЛ-СУУ ЧОПО КЕНИ
КЫЗЫЛ-СУУ ЧОПО КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Орловка шаарчасынан 25 км түштүктө, деңиз деңг. 1880–2120 м бийикте. 1990-ж. Түн. Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кендин калыңдыгы 40 мден 85 мге жетип, палеоген мезгилиндеги чопонун калың катмарынан түзүлгөн. Чопо кызыл түстө, илешчээк, эзилгич (1210–1240°С), жогорку дисперстүү, кум кошулмасы өтө аз (3% чейин), сууда эрүүчү туздар 0,01%ти түзөт, орт. ийкемдүүлүк саны – 12. Технол. сыноонун негизинде чопо «125», «175» маркасындагы кыш алууга жарамдуулугу аныкталган. Пластифицирлөөдө, бургулоо эриндисин боёк катары колдонсо болот. Баланстагы запасы А категориясы б-ча 332 миң м3, В – 515 миң м3, С – 1555 миң м3.