КЫЗЫЛ КАРАГАЙ
КЫЗЫЛ КАРАГАЙ (Larix) – карагайлар тукумундагы ийне жалбырактуу дарак. Бийикт. 35–50 м, диаметри 175 смдей.
Ийне жалбырагы жумшак, кышкысын күбүлмө,

.
жаш өркүнүндөгү бирден бутагында боочо бол уп жайгашат. Гүлү бир жыныстуу тобурчак, эрте жазда жалбырагы м-н тең ачылат. Уругу канатчалуу. Европада, Азияда 20 түрү өсөт. КМШ өлкөлөрүндө жапайы 11 түрү бар. Кырг-нда эс алуу жайла рында, көчө бойлорунда өстүрүлөт. Шагы сейрек, конус сымал. Күнөстүү, чополуу, борпоң топурактуу, нымдуу жерде жакшы өсөт. 15–25 жылдык дарагы мөмөлөйт. 300–500 жыл өсөт. Жыгачы кеме курууда, суу астындагы курулушка, эмерек жасоодо, кагаз, целлюлоза, спирт ж. б. алууда колдонулат. Кабыгынан кездеме боёгуч, өңдөгүч заттар, жалбырагынан эфир майы алынат.