КЫЗМАТ АДАМДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗМАТ АДАМДАРЫ – бийлик өкүлүнүн милдетин иш жүзүнө ашыруу үчүн атайы дайындалган же шайланган адамдар. Алар туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктарга ээ болушат. КРдин «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамына (23-ноябрь, 1999) ылайык мамл. К. а. 6 топко бөлүнөт. Ага: 1) КР Президенти; 2) Жогорку Кеңештин депутаттык милдеттерин туруктуу негизде аткарып жаткан адамдар; 3) КРдин Конституциясы аныктап, КР Президенти же Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган (шайланган) премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү, судьялар ж. б.; 4) 1-, 2- ж-а 3-топтогу кызмат­ты ээлеген адамдардын ыйгарым укуктарын ат­карууну түздөн-түз камсыз кылуу үчүн дайын­далган жардамчы ж. б. кеңешчилер; 5) мамл. органдардын ыйгарым укугун аткаруу ж-а кам­сыз кылуу үчүн белгиленген кызматтар; 6) мамл. органдар ж-а атайын мыйзамдар м-н ишмерди­ги жөнгө салынуучу аскер кызматчылары, про­куратура, ички иштер, улуттук коопсуздук кызматы, салык-бажы инспекциясынын кызматкерлери кирет.

К. А. Бодобаев.