КЫЗАРТ БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНҮ
КЫЗАРТ БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНҮ – 1–5-к-дагы хунн дооруна таандык мүрзөлөр. Жумгал р-нунун Кызарт ашуусунда жайгашкан. 12 дөбөмүрзөдөн турат. Беш дөбө-мүрзөнү археолог А. Н. Бернштам изилдеген. Бийикт. 0,21–0,87 м, диаметри 8–18 м. Үстү топурактан үйүлгөн дөбө түрүндө. Көрүстөндөрдүн ички түзүлүшү чарадан ж-а маркум коюлуучу казанактан турган. Айрымдары жарма көр түрүндө. Адам сөөгү жалгыздан же экиден коюлган. Баш сөөктөрү сөлпү түзүлүштө болгон. Жыгач ж-а чопо идиштер, жаа бастырмалары, жибек кездеме калдыктары, жаа жебеси, бычак ж-а ийиктин башы табылган. 1990-жылдары байыркы түрк ж-а Караханиддер дооруна тиешелүү эстеликтерди жерг. тарых мугалими А. Абдрахманов ачкан. Аларга балбал таштар ж-а байыркы турак жай калдыктары кирет.