КЫЗ АЛА КАЧУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗ АЛА КАЧУУ – колуктуну ала качып, никелешүү салты; куда түшкөн кызга калың төлөөгө каражат жетишпесе же кыздын ата-эне­си кыз каалаган жерине барышына каршы чыкса ж-а жуучуларга макулдугун бербесе, жигит кыздын макулдугу м-н кызды ала качуусу. Жигиттин атасы урук-туугандарынан киши ээрчитип, кыздын атасынын алдына түшкөн. Эки тарап жарашкандан кийин, никелешүүнүн салт­туу ырымдары улантылган. К. а. к-нун мындай түрү оокаттуу, урук-туугандуу бүлөлөрдө жолуккан. Улуттук салтта кыздын макулдугусуз эч убакта К. а. к. болгон эмес. Эгерде кыздын макулдугусуз ала качса, урук, уруулардын ортосунда жаңжал чыгып, кан төгүлгөн. К. а. к. улуттук никелешүүдө өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш болгон.