КЫДЫРАЛИЕВА Камила Асылбекона
КЫДЫРАЛИЕВА Камила Асылбековна (1962- ж.ылы туулган, Чүй облусу, Токмок шаары) – химия илимдеринин доктору (2005), КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2006). КМУну бүтүргөн (1985), КМУда улук инженер (1985–88), лаборатория башчысы (1988-90), окутуучу, улук окутуучу (1990-96), 1996-жылдан КР УИАнын Химия ж-а химиялык технология институтунда улук илимий кызматкер. Органикалык ж-а физикалык химия боюнча адис. 43 илимий эмгектери бар. Илимий эмгектери фермент-ингибитор системасындагы металл иондору, микроорганизмдердин таасиринен топурактагы гумус заттарынын трансформациясына ж. б. арналган.