КХУЛНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:22, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КХУ́ЛНА – Бангладештин түштүк-батышындагы шаар. Ганг дарыясынын салаасында жайгашкан порт. Кхулна облусунун административдик борбору. Калкы 1,4 млн (2009). Жолдор тоому. Темир жол бекети. Негиздел­ген мезгили белгисиз. 1884-жылдан шаар макамына ээ. Университеттер (анын ичинде инженер-технологиялык), ар­хеология музейи, облустук театр (1900; өлкөдөгү ал­гачкы) бар. Бангладештин ири экономикалык борбору. Жут, кебез-кездеме, кагаз, тамак-аш, металл иштетүү өнөр жай ишканалары, дарыя верфи иш­тейт. Муз тоңдурулат. Бир нече жылуулук-электр станциясы бар.