КХОНД
КХОНД (өздөрүн к х о н д, к у и л о к а, к у и е н ж а деп аташат) – Түн.-Чыгыш Индиядагы дравид тобундагы эл. Саны 1,7 млн киши, а. и. 1,5 млну Орисса, 90 миңге жакыны Андхра- Прадеш штаттарында (2008), о. эле Бангладеште (4,8 миң) да жашашат. Негизинен ория ж-а куи, куви тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – индуисттер. К. үч топко бөлүнөт:

түздүктөрдө жашаган десиялар; тоо этектеринде жашаган донгриялар ж-а тоолук кутиялар. Десиялар ория м-н ассимиляцияланып, салттык мад-тын жоготуп коюшкан. К. дыйканчылык, балык уулоочулук ж-а аңчылык м-н кесиптенишип, дубалы жыгачтан тургузулуп, үстү пальма жалбырактары м-н жабылган үйлөрдө жашайт. Эркектер белине алды-арты жабылган, саймалуу белдемчи байланышат, аялдар саймалуу кездеме оронушуп, кооздуктарды тагынышат. К. өсүмдүктөрдөн жасалган тамак-ашты көбүрөөк колдонушат.