КҮМҮШАЛИЕВА Сабира

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮМҮШАЛИЕВА Сабира [19. 3. 1917, Пишпекке (азыркы Бишкек ш.) жакын Төкөлдөш кыш 14. 9. 2007, Бишкек] – кино ж-а театр артисти, Кыргыз эл арт. (1964), Кыргыз Эл Баатыры (2001). 1932-ж. Фрунзе пед. техникумун бүтүрүп, 1932–

34-ж. башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан өмү­рүнүн акырына чейин Т. Абдумомунов атн. Кыргыз акад. драма театрында актриса болуп иштеген. К. та­бигый таланты, аткаруучу­лук чеберчилиги м-н кино ж-а театр иск-восуна болгон сүйүүсү ширелишип, бүтүндөй жан дүйнөсүн ээлеп алган. Ар бир образдын жүзүн ачууда К. баарынан мурда каар­мандын мүнөздүк өзгөчөлүгүн табууга умтулган. 75 жылдык өмүрүн кино ж-а театр иск-восуна арнап, кыргыз театры м-н киносунда эле эмес, казак киносунда да өз изин калтырган. Ал алгач Карачач (К. Жантөшев, «Карачач»), Ситайхо,

Т. Касымбеков, К. Сак­танов. «Курманжан датка» (1989). Кем­пир – С. Күмүша­лиева.

Зулайка (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Телли (У. Гажибеков, «Аршин мал алан»), Зуу­ра (М. Токобаев, «Кайгылуу Какей») ж. б. рол­дорун аткарып, ийгиликке жетишкен. 40-жыл­дарда Кузька (Н. Погодин, «Ааламдын жара­лышы»), Л. Шевцова (А. Фадеев, «Жаш гвардия»), Күлгаакы (К. Жантөшев, «Курманбек»), Батыйна, Бурма (Т. Абдумомунов, «Каркыра­лар кайтканда», «Жыгылган оогонго күлөт» ж. б.) сыяктуу каармандарды сахнага алып чыгып, чебер сүрөткер катары таанылган. О. эле комедиялык, курч мүнөздүү образдарды да мык­ты аткарган: Фан-и (Цао Юй, «Тайфун»), Мастан (А. Көбөгөнов, «Болот менен Тынар»), Май-

Күмүшалиева С. – чоң эне. «Уркуя» фильминен кө­рүнүш. 1972.

салбүбү (Т. Абдумомунов, «Тар капчыгай»), Оңолкан (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры»), Шербет (А. Дыйканбаев, «Мүрөктүн суусу»), дүлөй кемпир (М. Тойбаев «Өчпөс жылдыз») ж. б. «Жапалак Жатпасов», «Алтын кыз», «Евгений Онегин», «Кыз жибекте» таасирдүү образдарды жараткан. Дүйнөлүк, кыргыз ж-а орус класси­касында ондогон ролдорду («Отеллодо» Бьян­ка, «Он экинчи түндө» Мария, экөө тең У. Шекспирдики; «Бернард Альбанын үйү» Мария Хасефа, Г. Лорка; «Күнөөсүз күнөөлүүлөрдө» Гальчиха, А. Островский; «Акылдан азапта» Кня­гиня, А. Грибоедов ж. б.) чебер ойногон. Кино­до 1957-ж. биринчи жолу «Муз жүрөк жөнүндө баян» фильминде Айнакандын ролун аткарып, кийин «Эрте жаздагы турналар», «Жамийла», «Караш-караш окуясы», «Бакайдын жайыты», «Бөрү зындан», «Кызыл алма», «Ак куулар кон­гон айдың көл», «Лифти бар үйдөгү тепкичте», «Он үчүнчү небере», «Арман», «Атадан калган туяк», «Куш өмүр», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Эл ичинде» көркөм тасмаларында мыкты об­раздарды жараткан. Өзгөчө Уркуянын энесинин («Отко таазим»), Карыздын («Ак кеме») бейне­лери кыргыз киносундагы кайталангыс образ­дар болуп саналат. К. түрдүү пландагы масштабдуу мүнөз түзүүнүн өзгөчө чебери болгон. «Казакфильмдин» «Адам-бугу», «Боордошум», «Уул тууган», «Согуш учурундагы балдар» ж. б. тас­маларына тартылган. Акыркы ролдорунун бири «Курманжан датка» спектаклинде башкы каармандын ички жан-дүйнөсүн, кулк-мүнөзүн, кеменгерлигин, даткалык милдеттин оорлугун жеткиликтүү ачып берген. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак» белгиси, «Эл достугу» ордендери ж-а «Ак шумкар» медалы м-н сыйланган.