КҮЛЧӨТАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЛЧӨТАЙ – кыргыз-казактын улуттук тамагы; камыры жука жайылып, тилкелене кеси­лип, эттүү сорпого бышырылып, эти менен бирге идишке сүзүлүп тартылуучу тамак. Сорпосу ке­селерге куюлуп, өзүнчө берилет. Ошондой эле аймак­тык өзгөчөлүктөргө жараша айрым жерлерде ка­мырын кичинекей тегерек түрдө калың жайып, эки четин кол менен бириктирип, эттүү сорпого бышырат же күлчөтайды кесме ордуна туурап жибер­ген учурлар да кездешет.