КЛАССИКАЛЫК КҮРӨШ
КЛАССИКАЛЫК КҮРӨШ – күрөштүн колдун ж-а дененин кыймылына негизделген ыкмаларды колдонуучу түрү. Анда белден ылдый алууга, булкуп тартууга ж-а чалууга болбойт. Ал 18-кылымда Францияда пайда болгон. Эл аралык федерациясы 1912-жылы түзүлгөн. Классикалык күрөш 1896-жылы олимпия оюндарынын программасына кирген. 1921- жылдан дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт. Ошондой эле к. Грек-рим күрөшү, Күрөш.