КЛАПЕЙРОН–КЛАУЗИУС ТЕҢДЕМЕСИ
КЛАПЕЙРОН–КЛАУЗИУС ТЕҢДЕМЕСИ – заттын бир фазадан экинчи фазага өтүү (буулануу, эрүү, сублимация – айдап чыгаруу, полиморфтук айлануу ж. б.) кубулуштарына тиешелүү термодинамикалык теңдеме. Бул теңдемени биринчи жолу Б. Клапейрон түзгөн, немис физиги Р. Клаузиус кайрадан иштеп чыккан. Клайперон–Клаузиус тендемесине ылайык тең салмактуу өтүүчү процессте фазалык өтүүнүн жылуулугу төмөнкү туюнтма м-н аныкталат: L=T (dp/dT)Ч (V2–V1), мында T – фазалык өтүү температурасы, (V2–V1) – фазалык өтүү кезиндеги көлөмдүн өзгөрүшү, dp/dT – фазалык тең салмактуулук сызыгында температура боюнча басымдан алынган туундунун мааниси. Бул теңдемени 1834-жылы Б. Клапейрон суюктук м-н жылуулук тең салмакта турган конденсацияланган бууга Карно циклин анализдеп, колдонуу жолу м-н алган. 1850-жылы Р. Клаузиус бул теңдемени термодинамиканын экинчи законунун негизинде кайрадан иштеп чыккан. Фазалык өтүү ж. б. үчүн жалпылаган. Клапейрон–Клаузиус тендемеси жылуулук чыгаруу же жутуу м-н коштолгон бардык фазалык өтүүлөргө колдонулат. Клапейрон–Клаузиус тендемесинин жардамы м-н буулануу жылуулугу эсептелет, анткени ал тажрыйбада өтө кыйынчылык м-н өлчөнөт.