КЕНЕНСАРИЕВ
КЕНЕНСАРИЕВ Ташманбет [05. 09. 1949, СССР, Кыргыз ССРи, Жалал-Абад облусу, Жаңы-Жол (азыркы Аксы) району, Кара-Суу кыштагы – 02. 07. 2021, Бишкек)] –

тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1998), профессор (1999), КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2008). Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1968), КМУну (1978) бүткөн. 1970–1973-жылдарда Жаңы-Жол районундагы Абдыкалык атындагы орто мектепте мугалим, 1978–1979-жылдарда ММУда стажёр, 1979–1985-жылдарда КМУда окутуучу, 1985–1999-жылдарда ОМПИде (кийин ОшМУ) бөлүм башчы, тарых-укук таануу факультетинин деканы, улук илимий кызматкер, доцент, 1999–2006-жылдарда окуу иштери боюнча проректор, 1-проректор, 2006–2007-жылдарда КРдин Президентинин алдындагы эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары, 2007– 2009-жылдарда КРСУда проректор, 2009–2010-жылдарда ЖАМУнун ректору болуп иштеген. Кокон хандыгынын тарыхына арналган 300дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 12 монография, 3 окуу китеби, 16 окуу методикалык көрсөтмө) автору. Англиядагы (Кембриж) эл аралык биография борбору «2005-жылдын көрүнүктүү педагогу» наамын ыйгарган.