КИКБОКСИНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:35, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИКБО́КСИНГ (англ. kick – бут м-н тебүү ж-а boxing – бокс), чыгыш күрөштөрүнүн (каратэ, таеквондо, муай-тай ж. б.) ж-а англис боксу­нун негизинде түзүлгөн спорт түрү. Кокбоксингдин эре­жеси боюнча таймашта атаандашына багытталган кол м-н буттун соккулары күчтү толук колдо­нуу аркылуу жүргүзүлөт. Бут м-н иштөө ыкма­лары чыгыш күрөштөрүнөн, ал эми колдуку бокс­тан алынган. Кикбоксинг машыгуучулардан өзгөчө кара күч даярдыгын талап кылат. Ал АКШда ж-а Батыш Европада 1970–75-жылдары пайда болгон. Учур­дагы кикбоксингде жети негизги багыт бар: лайт-кон­такт, семи-контакт, фул-контакт, лоукик, тай- кикбоксинг, ошондой эле жакында эле пайда болгон жекече тай­маш ж-а киксбоксингдеги аэроби­ка. Бүгүнкү күндө киксбоксинг боюнча мелдештер бир нече уюм м-н өткөрүлөт. Бул иш-чаралардын негиздөөчүсү – эл аралык профес­сионалдык каратэ федерациясы (1968-жылы түзүлгөн). Кикбоксингдин ири уюму –WAKO (эл аралык киксбоксинг уюмдарынын ассоциациясы). Ага 89 өлкө мүчө. Ал Кикбоксингди сүйүүчүлөр ж-а профессионалдар арасында мелдештерди өткөрүүдө. Профессионал­дар арасында мелдештер эркин «хронологиялык схема» (профессионалдык бокста кабыл алынган рей­тинг системасы) боюнча жүргүзүлөт. Ал боюнча спорт­чу таймаштарды өткөзүп, жеңишке жетишип, тийиштүү рейтингге ээ болгондо өзүнүн салма­гы (мелдешти өткөргөн уюмдун аныктоосу) боюнча чемпиондукка талапкер катары саналат. Ан­дан кийин талапкер бул салмактагы чемпион м-н беттешет. Талапкер жеңишке жетишсе, ал жаңы чемпион аталат. Кикбоксинг жабдыктарына бокс мээлейи, шыйрак ж-а таман калканчалары, спорттук туулга, капа (тиштерди сактоочу ка­ражат), кыз-келиндер үчүн төшүн коргоочу ата­йын кошумча калканчтар кирет. Кикбоксинг сүйүүчүлөр­дүн таймашы 2 миндан 3 раунд болот. Профес­сионалдардын рейтингдик таймашы 6–8 ра­унд, чемпион наамы үчүн 12 раунд өтөт. Кыргызста­нда кикбоксинг 1990-жылдардын башынан өнүгө баш­тап, көптөгөн спорт клубдары (Гермес-Профи ж. б.) ачылган. Анын өнүгүшүнө өзгөчө зор са­лымды А. Воинов, Э. Исмаилов, Ж. Сапаков ж. б. кошкон. Дүйнөгө таанымал кыргызстандык спорт­чулар – Ш. Шадманов (Кыргызстандан алгачкы дүйнө чемпиону), Ж. Амантаев, М. Борбашев, Р. Аба­сов, А. Порсуков, А. Ибраев, К. Сыдыгалиев ж. б. Республиканын 1-чемпионаты 1996-жылы Биш­кекте өткөрүлгөн.


Ад.: Линдер И. Б., Оранский И. В. Боевые искусства Востока. Маленькие «секреты» больших школ. М., 1992; История боевых искусств. От нового света до Черного континента. М., 1997; Гагонин А. С., Гаго­нин С. Г. Психотехника рукопашной схватки. СПб., 1999; Тарас А. Е. Французский бокс сават: история и техника. Минск, 2001.

Б. Үсөнканов.