КЕМЕР (суу жеп кеткен жээк)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:38, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КЕМЕР 1 to КЕМЕР (суу жеп кеткен жээк)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМЕР – суу жеп кеткен жээк, жарча, аңгек. Кемер жаңы тектоникалык кыймылдар­дан, абразия (клиф) про­цесстеринен, эрозиядан (да­рыя тектирлери) пайда бо­лот. Кемер түрк ж-а иран тил­деринде тоо капталы, жан­тайма, урчук, жээк, жар, дөбө, тоо маанисин билди­рет. Казакстанда оёң жер­лерди жарым-жартылай курчап турган айрым дөң­сөөлөр кемер делет. Азербай­жан, фарсы тилинде сүйлө­гөндөрдө – кемер («тоо», «дөбө», «тоо кыры» маани­синде), тажик, өзбектерде «камар» деп аталат. Кемер (ка­мар) топоними Тажикстанда (Камар, Камар- Булак, Ой-Камар, Кара-Камар ж. б.), Өзбекстан­да, Азербайжанда, Түркияда, Иранда ж. б. ке­ңири таралган.