КОНГЛОМЕРАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНГЛОМЕРА́Т г е о л о г и я д а – тоголок, жумуру, сүйрү таштардын биригип камдашып, цементтелген түрү. Чөкмө тектерге кирет. Кесек бөлүкчөлөрдүн чоңдугу 1–10 смге жетет. Темир кычкылы, карбонат, чопо, кремний менен цемент­телет. Кээде кум, сай таш кездешет. Кесек тал­каланган жумуру, тоголок бөлүкчөлөрдүн ку­рамына карата мономиктүү (бир түрдүү тектер­ден турган), пайда болушу боюнча аллювий, про­лювий, көл жана деңиз чөкмөлөрү болуп бөлүнөт. Бардык геологиялык мезгилдерде кездешет. Катмар пай­да кылышы байыркы доорлордогу тектердин талкаланышын билгизет. Курулуш материалы болуп саналат. Айрым учурда цементтеринин курамында алтын, платина жана башка чачыранды кендер жолугат.