КОНВЕРГЕНЦИЯ ТЕОРИЯСЫ
КОНВЕРГЕ́НЦИЯ ТЕОРИЯСЫ – коомдук түзүлүшү ар кандай мамлекеттердин ортосундагы экон. ж-а саясий айырмачылыктар акырындап жоюлуп, алар бири бирине кошулушат деген саясий теория. К. т. 20-к-дын 50–60-жылдарында пайда болгон. Анын чыгышына ил.-тех. рев-яга байланыштуу жеке (майда) өндүрүштүн ирилештирилиши, мамлекеттердин өндүрүштө экон. ролунун өсүшү, өлкө масштабы б-ча пландоо элементтеринин киргизилиши таасир тийгизген. К. т-н мына ушул процессти чагылдыруудан келип чыккан концепция катары кароого болот. К. т-нын өкүлдөрү (Ж. Гелбрейт, АКШ; Р. Арон, Франция; Я. Тинберген, Нидерланд ж. б.). СССР күчтүү мезгилинде эле капитализм м-н социализм катарлаш өрчүп отуруп, бири бири м-н жакындашып, ал экөөнүн ортосунан жаңы коом пайда болот деген тыянак чыгарышкан. СССРдин, бүткүл соц. системанын кыйрашы м-н К. т. өзүнүн ил. маанисин жоготту.