КОМУЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:34, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМУЗ , ч е р т м е к – кыргыз элинин улуттук кылдуу чертме музыкалык аспабы. Түрк элдеринде улут­тук тартма, чертме жана какма аспаптардын ко­бус (хобус), комыс, кобуз (хомуз), кумуз деп ата­лышы комуздун эң байыркы аспап экенин далил­дейт. Комуз экме жана жапайы жыгачтардан (өрүк, алмурут, карагай, арча, жапан тал) алмурут түс­пөлүндө чабылып, моюну ичкерип кетет. Жал­бырагы күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кы­йылган өрүктүн жыгачы сомдолуп, сууга кай­натылып, ышталып чабылган комуз бек жана до­буштуу болот. Комуздун жалпы узундугу 75 см чамалуу. Комуз турпаты баш, моюн, тулку, чара, капкак, куткун, тепкек, үч кулак, үч кылдан турат. Эки четки кылы унисондо, ортонкусу четкиге карай квинтага же квартага толгонот. Кулагы өрүктөн, арчадан же мүйүздөн, ал эми кылы көбүнчө эки тиштүү

кыргыз койлорунун ичегисинен жаса­лат. Муздак сууга салынган ичеги сыдыргы менен тазаланган соң, ийик менен оңго ийрилип, анан аябай кере тартылып коюлат (кийин ичеги кылдын ордуна тарамыш же жасалма тарамыш жип тагылып калды). Залкар комузчулар кыл­ды добушуна жараша өтө кылдаттык менен тан­дашкан. Кээде бир койдун ичегисинен бир кыл гана жасалган. 1930-жылдары эл аспаптар оркестри үчүн комуздун өркүндөтүлгөн беш түрү (комуз-пикколо, комуз-прима, комуз-альт, ко­муз-тенор, комуз-бас) жасалган. 1952–1953-жылдары А. Петросянц менен С. Диденко комуздун дагы жаңы түрүн сунуш кылып, ал Ташкент мамлекеттик консер­ваториясынын эл аспаптарын өркүндөтүү боюнча эксперименттик лабораториясында жүзөгө ашырган. Азыр Кыргыз эл аспаптар оркестринде комуздун төрт түрү (комуз-прима, комуз-секунда, комуз­альт, комуз-бас) чертилет. Комузда күүлөр черти­лип, ырлар коштолот жана оркестрде ойнолот. Усталар Ш. Исаков менен К. Тойчинов жасаган электр комуз да колдонулуп жүрөт. Комузду мык­ты чапкан усталар: Айманбет, Жансерке, Ча­лагыз Иманкулов, Нурак Абдрахманов, Орозобай Кенчинбаев, Намазбек Уралиев. Комуз. черт­кендерди комузчу, чертмекчи дешет.

1 – кулактары; 2 – моюну; 3 – кылдары; 4 – чара­сы; 5 – капкагы; 6 – тепкеги (тээк); 7 – куткуну.

Б. Алагушов.