КОМПОЗИЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПОЗИ́ЦИЯ (лат. сompositiо – түзүү, ойлоп табуу дегенден) – 1) көркөм чыгарманын куру­лушу; көркөм форманын маанилүү компонен­ти. Ал чыгарманын мазмунуна, мүнөзүнө ж-а аткарган милдетине ылайык түзүлөт. К. иск-


вонун түрүнө, чыгарманын идеясына, материа­лына жараша ар кыл мүнөздө, ар кандай че­немде берилет. К. а д а б и я т т а чыгарманын көркөм формасынын бөлүктөрүн максатка ыла­йык жайгаштырып, өз ара байланыштырат. К-нын компоненттерине автордук баяндоо, ли­рикалык чегинүү, портрет, пейзаж, интерьер ж. б. кирет. Ал эми драмада сцена – К-нын өз алдынча өтө ири компоненти. Лирикада К. өзүн­чө өзгөчөлүккө ээ. Анда чен, ыргак, уйкаштык, интонация, ойдун ырааттуу өнүктүрүлүшү маа­нилүү роль ойнойт. 20-к-дын аягында К-нын маанисинин күчөшүнө монтаждын пайда болу­шу (адегенде кинодо, кийин театрда ж-а ад-тта) зор таасир тийгизди. К. п л а с т и к а ө н ө­р ү н д ө көркөм формаларды түзүүчү айрым учурларды (симметрия, асимметрия, масштаб, ритм, нюанс, контраст ж. б.) бириктирет; а р­х и т е к т у р а д а көркөм идеялык принцип­тердин негизинде түзүлүп, айрым имараттардын, курулуштардын, бүткүл шаар курулушунун пландалышын ж-а көрүнүшүн аныктайт; с ү­р ө т ө н ө р ү н д ө чыгарманын идея, сюжет ж-а тематикасынын конкреттүү иштелишин туюндурат. Музыкадагы К. ж-дө к. Музыкалык форма. Ш а х м а т т а г ы К. – шахмат этюдда­рынын ж-а маселелеринин түзүлүшү; 2) музы­ка, живопись, скульптура же графика чыгар­малары, б. а. композитордун, сүрөтчүнүн чыг­лык эмгегинин натыйжасы; 3) иск-вонун ар кандай түрлөрүн камтыган татаал көркөм чы­гарма; окуу жайларда (консерватория ж. б.) өзгөчө окуу предмети катары өтүлөт. К. гармо­ния, полифония, муз. чыгармаларды талдоо сыяктуу муз. теор. предметтер м-н тыгыз бай­ланышта окулат.


Ад.: Успенский Б. Поэтика композиции. М., 1970; Ар­хитектурная композиция. М., 1970; Тимофеев Л. И. Основы теории литературы. М., 1971; Волков Н. Н. Композиция в живописи. М., 1977; Объемно-простран­ственная композиция /Ред. А. В. Степанов. М., 1993; Теория современной композиции. М., 2007.