КОМПАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́МПАС (нем. kompass, итал. compasiare – ка­дам ченөө) – бир орунда туруп, дүйнө жүзүнүн туш тарабын (багытын) аныктоочу аспап. Өз ичинен магниттүү, гироскоптуу, астр., радиоком­пас болуп бир нече түрлөргө бөлүнөт. М а г - н и т т ү ү К. түз, туруктуу магнит жебеси же тогу бар катушка Жердин магнит талаасы м-н

Магниттүү компас.

аракетке келгенде, меридианды бойлоп түн., түш. багытты көрсөтүшүнө негизделген. Г и р о­с к о п т у у К. тез айлануучу ротордун багы­тын өзгөртпөй, меридиан тегиздигинде сактап турат. А с т р о н о м и я л ы к К. Күнгө багытталып, геогр. меридианды аныктайт. Р а д и о к о м п а с т а радио кабылдоочу түзүлүш м-н радиомаяк багытты автоматтуу жазып алат. К. деңизде сүзүү, авиация, согуш иши, саякатка чыгуу, геология, топография ж. б. тармактарда колдонулат.