КОМПАНИЯ
КОМПА́НИЯ (фр. compagnie; англ. company) – коммерциялык же өндүрүштүк ишмердик үчүн түзүлгөн жактардын ассоциациясы. К. өнөктөштүктүн– корпорациянын принциптеринде аракеттенет– о. эле ишкердиктин башка түрлөрүнө ээ боло алат. Мындай өнөктөштүк К-нын
карыздары үчүн толук жоопкерчиликтүү эки же бир нече жеке адамдардын ортосундагы келишимдин негизинде түзүлгөн ишкер уюмдун бир түрү болуп эсептелет. Жоопкерчилиги чектелген К. өз пайынын (салган капиталынын) чегинде карыздары үчүн чектелген жоопкерчиликке ээ. Инвестициялык компания (трест) менчик баалуу кагаздарын корпорациянын баалуу кагаздарына сатуу аркылуу мобилизациялануучу капиталды алат. К-нын инвестициясынан алынган киреше оперативдүү чыгымдарга ж-а К. мүчөлөрүнө дивиденддерди төлөөгө жумшалат. Коммерциялык кредит К-сы адистештирилген кредиттөөнү ишке ашырат. Холдинг К-сы оперативдүү К-нын ишмердигине контролдук кылуучу көлөмдөгү башка К-нын (көбүнчө оперативдүү) акцияларына ээлик кылат. Оперативдүү К. бизнести уюштуруучунун милдетин аткарат. Бир эле мезгилде оперативдүү ж-а холдинг болгон К. да кездешет.