КОММЕНСАЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОММЕНСАЛИ́ЗМ (лат. commensalis – табак­таш) – табияттагы бир түрдөгү организмдердин башка бир түрдүн эсебинен, аларга зыян кел­тирбей жашоосу (азыктануу же чөйрө катары пайдалануусу). Мисалы, эки түрдүн популяцияла­рынын особдорунун бири-бири м-н болгон ма­милелеринде бир түр үчүн пайдалуу, ал эми экин­чи бир түр үчүн пайдасы да, зыяны да жок ма­милелер. Жаныбарлардын өз ара мамилелери­нин мүнөзүнө карата комменализм үчкө бөлүнөт: 1) коммен­сал башка түрдөгү организмдерди азык катары пайдаланат, мис., качкын-рак ээлеген үлүлдүн ичинде муунак курт жашап, рактын азыгынын калдыктарын жейт; 2) комменсал башка түрдөгү организмге биротоло же убактылуу жармашып жүрөт, мисалы, жабышкак балык соргуч сүзгүчтөрү м-н акула ж. б. ири балыктарга жабышып, алар м-н кошо сүзүп жүрөт; 3) комменсал ээсинин органдарынын ичинде жашайт, мисалы, баканын арткы ичегисинде жашаган айрым инфузория­лар ж. б.