КОМИССАРЖЕВСКАЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМИССАРЖЕ́ВСКАЯ Вера Фёдоровна [27. 10 (8. 11). 1864, С.-Петербург – 10 (23). 2. 1910, Ташкент; сөөгү С.-Петербургга коюлган] – орус актрисасы. К. комедия ж-а ыр м-н жазылган водевилдерди ийине жеткире аткарган чебер бол­гон. Драмалык таланты А. Островскийдин «Сеп­сиз кыз» драмасындагы Ларисанын ролунан ай­кын көрүнгөн. А. Чеховдун «Ак чардак» (1896) пьесасындагы Нина Заречнаянын ролу бүткүл орус театры үчүн жаңы табылга катары зор маа­ниге ээ болгон. 1904-ж. Петербургда менчик театр ачып, анда М. Горькийдин «Дачниктерин­де» Варвара Михайловнанын, «Күн балдарын­да» Лизанын, Г. Ибсендин «Куурчак үйүндө» Но­ранын ролун көркүнө чыгара аткарган. 1906-ж.

В. Ф. Комиссаржев­с кая – Беатриса.
М. Метерл и н к , «Беатриса эже».

В. Э. Мейерхольд койгон Метерлинктин «Беат­риса эже» спектаклинде Беатрисанын ролу К-га зор ийгилик алып келген. Адегенде Мейерхольд­ду колдоп, ал койгон А. А. Блоктун «Балаган­чик», Л. Н. Андреевдин «Адам өмүрү» спектакл­дерин «режиссёрдун шедеври» деп эсептеген. Ки­йин Мейерхольддун катаал композициясы ак­тёрдук чеберчилигимди чектеп жатат деп эсеп­теп, Мейерхольдду театрынан кетирген. 1909-ж. К. театрын жабууну чечкен.


Ад.: Рыбакова Ю. П. В. Ф. Комиссаржевская. Ле­топись жизни и творчества. СПб., 1994.