КОМИЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:32, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМИЛЕР (өздөрүн к о м и м о р т, к о м и ­в о й т ы р деп аташат) к о м и - з ы р я н ­д а р – Россияда жашаган эл, Коми Республикасынын негизги калкы. Архангел, Мурман, Свердлов, Омск, Тюмень облустарында, Ненец, Ямал-Ненец жана Ханты-Мансы автоном округдарында да жа­шайт. Жалпы саны 344, 5 миң киши, анын 292 миңи Комиде (2000).

Коми тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – пра­вослав, эски ырым-жырымдарды тут­кандары да бар. Комилер коми­-пермяктар жана удмурддар менен тектеш. Алар жогор­ку вычегда, вымич, ижем, печор, прилуз, сы­соль, удор жана башка этностук топторго бөлүнөт. Комилердин этностук негизин пермь­-вычегда уруулары, веп­сы, байыркы марийлер, обь угорлорунун ата-­бабалары, чыгыш славяндар түзгөн. Комилер дыйкан­чылык, мал чарбачылык (бугу багуучулук), ба­лык уулоо, ошондой эле аңчылык менен кесиптенишип, оймо-чиймелер менен кооздолгон, жыгачтан са­лынган үйлөрдө жашашкан. Аялдары жеңи узун көйнөк, сарафан, кыска, кенен тигилген күрмө, башына кокошник (түндүк орус дыйкан аялдарынын байыркы баш кийими) эркектери шымдын сыртына көйнөгүн чыгарып, кур кур­чанып, кышкысын тон, башына кийиз калпак же кой терисинен жасалган баш кийим кийиш­кен. Тамак-ашы негизинен эт, балык, дан азык­тары.