КОМЕДИЯ
КОМЕ́ДИЯ (грекче kõmõdia) – драмадагы жанр, күлкүлүү, тамашалуу жана сатиралык мазмундагы драмалык чыгарма; трагедиянын карама-каршысы. Байыркы Грекияда «комедия» термини адегенде шайыр ыр деген маанини туюндурга, финалы бактылуу аяктаган чыгарманы комедия деп аташкан. Комедиянын каарманы, эреже катары, төмөнкү катмардагы адамдар болгон. Классицизмге чейинки көп поэтикаларда комедия «пас» жанр катары каралган. Комедия XIX кылымда, айрыкча XX кылымда эркин жана көп кырдуу жанрга айланган. Комедияда

коомдук идеалга же ченемге сыйбаган терс көрүнүштөр, кыял-жоруктар сындалат, шылдыңдалат, ошондуктан ага юмор, ирония, сатира да мүнөздүү болуп, кандайдыр бир мазмун сыйдырылат. Комедиянын диапазону өтө кеңири: ал саясий сатирадан жеңил водевилдик юморго чейинки жанрды камтыйт. Коомдук-саясий сатираны жараткан Аристофанды комедиянын атасы деп аташат. Дүйнөлүк адабиятта комедиянын өнүгүшүнө анын классикалык үлгүлөрүн жараткан грек Менандр, римдик Теренций, испан Лопе де Вега, англис У. Шекспир, француз Мольер, орус А. С. Грибоедов, Н. В. Гоголь, А. Н. Островский, А. П. Чехов жана башкалар зор салым кошту. Кыргыз драматургиясында комедия жанрын калыптандырууда жана өнүктүрүүдө кыргыз адабиятынын көрүнүктүү чеберлери К. Жантөшев («Ким кантти?»), Р. Шүкүрбеков («Эки дос»), М. Алыбаев («Курорттогу окуя»), Т. Абдумомунов («Машырбек үйлөнөт») жана башкалар комедияга кайрылышты.
Ад.: Штейн А. Л. Веселое искусство комедии. М.,1990; Андреев М. Л. На границах комедии. М., 2002.